ЖМК: Бред Питт Анжелина Жолинин кайрымдуулук иштерин эки жүздүүлүк деп атады

© AFP / CARL COURTЗвездная пара актеров Анджелина Джоли и Брэд Питт
Звездная пара актеров Анджелина Джоли и Брэд Питт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актер колуктусу Жолинин кайрымдуулук иштери пиар үчүн жасаларын айткан.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Голливуд жылдызы Бред Питт ажырашуу алдында турган жубайы Анжелина Жолинин кайрымдуулук ишмердүүлүгүн пиар деп атады. Бул тууралуу RadarOnline маалымат порталы артисттин жакындарына шилтеме кылып жазып чыкты.

Агенттик Питт буга чейин аялы Жолинин кайрымдуулук иштери менен сыймыктанып келсе, акыркы мезгилде ага ишенбей калганын жазган. Буга актрисанын БУУнун ыктыярдуу элчиси болуп туруп 20-июнда, Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү Ирактагы качкындар лагерине элдин көзүнө көрүнүү менен баргандыгы себеп болгон.

"Питт колуктусу Жолинин кайрымдуулук иштерин өзүн жарнамалоо үчүн жасалат деп эсептейт", — деп агенттиктин ишенимдүү булактары билдирген.

Ошондой эле белгилүү актриса жолдошу менен ажырашкан соң алты баланы өзүнө алып калуу үчүн атайын жакшы жактарын көрсөтүүгө аракет кылып жатканы кошумчаланган.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Анжелина Жоли британиялык миллионерге турмушка чыгууга даярданып жаткандыгы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0