Трамптын маалымат катчысын ресторандын ээси кууп чыкты

© AFP / JIM WATSON Пресс-секретарь Белого дома Сара Сандерс
Пресс-секретарь Белого дома Сара Сандерс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамактануучу жайдын кызматкерлери мындай аракеттерге Трамптын саясатына каршы болгондуктан барган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. АКШ президентинин маалымат катчысы Сара Сандерсти Вирджиниядагы ресторандардын биринин ээси кууп чыкты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Washington Post басылмасына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка ылайык, тамактануучу жайдын ээси Стефани Вилкинсон өзүнүн гей кызматкерлери менен биргеликте мындай аракеттерге президент Дональд Трамптын саясатына каршы болгондуктан баргандыгын айткан. Алар АКШ президентинин трансгендерлердин аскерге баруусуна тыюу салган чечимине нааразы.

АКШнын чек арасында турган мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ мигранттарды кароосуз калган аскер базаларга жайгаштырууга ниеттенүүдө
Алгач Сандерске ресторанда атайын талаптар бар экендиги айтылган. Ошондой эле ал өзү чыгып кетип, аны коштоп келгендер кала берсе боло тургандыгы кабарланган. Бирок анын жанындагылар Сандерс менен кошо кетүүнү чечип эсепти төлөйүн дегенде Вилкинсон акча алуудан баш тартып койгон.

Буга чейин Сандерс өзүнүн Twitter баракчасына Трамп менен чогуу иштешкендиги үчүн Лексингтондогу ресторандардын биринин жумушчулары аларга кызмат көрсөтүүдөн баш тарткандыгын жазган.

Америкада ушул жылдын март айынан баштап трансгендерлерге аскерде кызмат өтөөгө тыюу салынган. Азыркы маалда ар кандай эсептер боюнча АКШнын куралдуу күчтөрүндө 1300дөн 6000ге чейин трансгендер кызмат кылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0