АКШ мигранттарды кароосуз калган аскер базаларга жайгаштырууга ниеттенүүдө

© AFP / GUILLERMO ARIASАКШнын чек арасында турган мигранттар. Архив
АКШнын чек арасында турган мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттердин колуна мигранттарды жайгаштыруу боюнча саясий аткаминерлердин пландаган кагазы түшүп калган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. АКШнын аскер-деңиз күчтөрү АКШга келген 10 миңдеген мигранттарды Калифорния, Алабама жана Аризона штатындагы алыскы аскер базаларына жайгаштыруу боюнча курулуштун планын даярдап жатат. Бул туурасында РИА Новости Time журналына таянып кабарлады.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Мексика Дональд Трамптын айткандарына нааразы болду
Журналисттердин колуна мигранттарды жайгаштыруу боюнча саясий аткаминерлердин пландаган кагазы түшүп калган. Анда Аламабадагы кароосуз калган аэродромдорго 25 миңге чейинки качкындарды жайгаштыруу үчүн чатырлардан жасалган шаарчаны негиздөө жазылган. Андан сырткары Сан-Франциско менен Түштүк Калифорнияда 47 миңге мигрантка ылайыкташтырылган дагы эки лагерди түзүү боюнча маалымат бар экени жазылган. Мындан дагы борбор Аризона шататындагы Юта шарына түшөрү айтылууда.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, аскер деңиз күчтөрү чатырлардын турган 25 миң адам сыя турган шаарчага 233 миллион сарптаары айтылууда.

Буга чейин АКШнын Чек ара кызматынына тиешелүү имараттагы балдардын ыйлаган видео менен аудиосу жарыяланып, дүйнөлүк коомчулуктун ызы-чуусун жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0