Эрдоган: Путин экөөбүздүн окшош жактарыбыз көп

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Россия лидери Владимир Путин. Архив
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Россия лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын башчысынын айтымында, анын Путин менен, ал эми Түркиянын Россия менен мамилеси жакшы.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзүн жана Россия лидери Владимир Путинди Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын тажрыйбалуу саясатчысы катары бааларын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Түркия жетекчиси Путин менен көп окшоштуктары бар деген пикирин да билдирген.

"Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы боюнча тажрыйба туурасында айтсам, көбүрөөк тажрыйбага ээ болгон эки саясатчы бар. Алардын бири — мен, экинчиси — Путин. Себеби президенттик мөөнөттөрдү жана премьер-министрлик кызматтарды катар койсок, жалпы процесс бизде 15-16 жыл болуптур. Мунун жыйынтыгын карап туруп, ошол нерселердин майнабы менен алдыда жасай турган иштер бар экенин көрүүгө болот", — деди Эрдоган.

Бул сөздөрүн өлкө башчы Түркияда жекшембиде боло турган президенттик жана парламенттик шайлоолордун алдында TRT телеканалына маек берип жатып айткан.

Трехдневный госвизит президента Турции Тайипа Эрдогана в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан кылмыштуулукка каршы Түркия менен чогуу күрөшмөй болду
Түркия президентинин айтымында, анын Путин менен, ал эми Түркиянын Россия менен мамилеси жакшы. Бул Анкара Сирияда "Зайтун бутагы" операциясын жасаганда, андан сырткары, Астана жана Сочи шаарында Сирия маселесин жөнгө салуу боюнча өткөн сүйлөшүүлөрдө билинген.

Жекшембиде, 24-июнда, Түркияда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болот. Ага учурдагы башкаруучу Адилет жана өнүгүү партиясынан Түркиянын учурдагы президенти Тайип Эрдоган, оппозициялык маанайдагы Элдик республикалык партиясынан Мухаррем Инжи, Элдик демократия партиясынан Селахаттин Демирташ, Жакшы партиядан Мерал Акшенер, Бакыт партиясынан Темел Карамоллаоглу жана Мекен партиясынан Догу Перинчек катышууда.

Президенттик шайлоо менен парламенттик шайлоо да болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0