YouTube менен теңтайлашып... Instagram революциялык функцияны ишке киргизди

© AFP / Christophe SIMONРабота соцсети Instagram
Работа соцсети Instagram - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы сервис кайсы бир деңгээлде YouTube каналына окшошуп кетет.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Instagram сервисине бир саатка чейин созулган тигинен тартылган видеолорду жүктөөгө болот. Бул тууралуу тиркеменин расмий баракчасына жарыяланды.

Жаңы сервис IGTV аталышындагы жаңы видео платформанын алкагында иштейт. Компания тараткан маалыматка караганда, сервис телевизор сымал. Болгону анда каналдардын ордуна колдонуучулар катталган аккаунттар болот.

​"IGTV платформасын колдонуу оңой эле. Аны уюлдук аппарат сымал — толук экранда жана тигинен карап, колдонууга болот. Мындан сырткары, Instagram тиркемесинен айырмаланып, видеонун узактыгы бир саатка чейин жетет", — деп жазылган маалыматта.

Платформада жаңы функцияда YouTube каналындагыдай конкреттүү адамдардын каналы болот. Видеолорду тиркеме аркылуу жана тиркеменин десктоптук версиясы аркылуу жүктөөгө мүмкүн.

Аталган сервис бир нече жумадан кийин дүйнөдөгү бардык Android жана iOS колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0