Индияда чычкандар банкоматтагы миллион рупийди жеп кетишти. Видео

© AP Photo / Bikas DasЗдание Резервного банка Индии
Здание Резервного банка Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылма "учурда бул окуя тууралуу полицияга кабарланып, иликтөө иштери жүрүп жатканын" жазган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Индияда банкоматтагы акчанын 1,23 миллион рупийин (1,7 млн. сомго жакын) чычкандар кемирип, жеп кеткен. Бул туурасында India Today басылмасы жазды.

​Маалыматта банкоматтын 20-майдан бери иштебей калып, аны бир нече аптадан кийин ачкандар катуу таң калтырган көрүнүшкө күбө болушканы айтылат. Банктын техникалык кызматкерлери акчанын майда-майда болуп, кемирилип калганын көргөн.

​Алар жалпы жонунан банкоматка 500 жана 2000 рупийлик 2 миллион 948 миң рупий (2,87 млн. сом) салынганын айтышкан.

Басылма "учурда бул окуя тууралуу полицияга кабарланып, иликтөө иштери жүрүп жатканын" жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0