Секс-роботторду төшөк мамилесинен баш тартууга да үйрөтүштү

© AFP / Behrouz MEHRI Секс кукла. Архив
Секс кукла. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр бул термир кыз жалгыз, ал эми жакынкы арадан баштап 300 миң рублдин тегерегинде (325 500 сом) бир топ Саманталар чыгат.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жасалма интеллект салынган Саманта аттуу роботту эгер "маанайы начар болсо" төшөк мамилесинен баш тартууга үйрөтүштү. Бул туурасында Mirror басылмасы кабарлады. 

Аны түзгөндөр куурчакка атайын өтө эле орой же "урмат-сыйы" жок мамиле менен кармаганды сезген атайын тетиктерди орнотушкандыгын айтып беришкен.

Кучакташып турган аял менен эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Швеция: эми түгөйлөр төшөк мамилеси үчүн алдын ала макулдук алышы керек
Роботту ойлоп тапкан испаниялык Серги Сантос темир кызды Улуу Британиянын окумуштууларына тааныштырып жатып, өз алдынча чечим кабыл ала тургандыгын көрсөтүп берген.

Ал жансыз болсо да адамдардай болуп чечим кабыл алып, маанайын романтикалык же үйдө жүргөндөй жай жана андан сырткары кумарлуу болуп өзгөртө аларын айтышты.

Азыр бул термир кыз жалгыз, ал эми жакынкы арадан баштап 300 миң рублдин тегерегинде (325 500 сом) бир топ Саманталар чыгат.

Анткен менен төшөк рахатын тартуулай турган роботторго суроо-талаптын күчөп жатканына карабастан Шеффилд университетинин профессору Ноэль Шарки ага тыюу салуу керек деген пикирин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0