"Туура эмес" өмүр сүргөн америкалык байбиче 105 жашка чыгуусунун сырын ачты

© AFP / ALAIN JOCARD Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет
Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Граньердин айтымында, ал дайыма "жашоодон ырахат ал" деген ураан менен жашаган.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Флориданын тургуну Хелен Граньер 105 жашка чыкканын белгилеп, кантип узак жашаганын WTSP телеканалына берген маегинде айтканын РИА Новости агенттиги билдирди.

Граньердин айтымында, ал дайыма "жашоодон ырахат ал" деген ураан менен жашаган. Бирок 105ке чыгам деп такыр ойлогон эмес, тукумунда да мынчалык узак жашагандар жок.

"Мурда мен сыра ичип, чылым чекчүмүн. Түн ортосуна чейин бийлеп, эртең менен сергек ойгонуп жумушка барчумун. Күйөөмдү Лас-Вегаска алып бар десем көнбөй койгон. Анткени менин кумар оюндарына кызыгарымды билчү. Оюн автоматтарын аябай жакшы көрчүмүн. Кийин жолдошум каза болгондо Лас-Вегаска бардым", — деди ал.

Адистер 105ке чыккан байбиченин буга чейинки жашоо образы анын узак жашашын шарттабай, тескерисинче бир катар ооруларга жол ачышы керектигин белгилешет.

Хелен Граньер өткөн жума күнү 105 жылдыгын жакын курбуларынын курчоосунда өткөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0