Майлуу тамакты "жек көргөзгөн" азыктар. Окумуштуулардын аныктамасы

CC BY 2.0 / Daniel Oines / WelterweightНашелся способ худеть, ничего не делая, заявили ученые
Нашелся способ худеть, ничего не делая, заявили ученые - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер ашыкча салмактан жабыркаган адамдарды бир нече жума бою чили калемпири кошулган тамак-аш менен имбирь чайын көбүрөөк ичирген.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. АКШнын Колумбия университетинин окумуштуулары майлуу жана таттуу тамакка болгон каалоону басаңдатчу азык-түлүктөрдү аташты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Адистер ашыкча салмактан жабыркаган адамдарды бир нече жума бою чили калемпири кошулган тамак-аш менен имбирь чайын көбүрөөк ичирген.

"Жайынтыгында калемпир кошулган тамак жегендердин табити таттуу, туздуу жана майлуу тамакка тартпай калганы анык болгон. Ал эми имбирь чайын ичкендер өздөрүн бат эле тоюп калгандай сезип, азыраак тамактана баштаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул азыктардын курамына кирген заттар адамдын дене табын көтөрүп, кан жүгүртүүнү жакшыртат. Ошондой эле тердин көбүрөөк бөлүнүп чыгышына шарт түзөт. Мындай учурда зат алмашуу жакшырып, организмдеги топтолгон майлар "эрип" кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0