Японияда күчтүү жер титирөө катталды. Жүрөк үшүн алган видео

© REUTERS / KYODOЗемлетрясения в префектуре Осака на западе Японии
Землетрясения в префектуре Осака на западе Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен үч адам каза таап, 217 адам жабыркаган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Япониянын Осако, Хёго, Киото, Сига жана Нара аймактарында катуу жер силкинди. Бул тууралуу NHK телеканалы кабарлады.

​18-июнда болгон жер титирөөнүн күчү 6,1 магнитудага жеткен. Ал эми жер алдындагы силкинүү 6-7 баллга жеткен. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан үч киши каза таап, 217 адам жабыркаган.

​Такацуки шаарында суу түтүктөр жарылып, жолдор талкаланган. Осаке менен Хёго аймактарындагы 170 миңге жакын үй жарыксыз калып, заводдордун иши токтотулду.

​Ошондой эле шаар аралык поезд каттамдары дагы токтотулган. Жергиликтүү аэропорттор да убактылуу иштебей турат.

​Япониянын өкмөтү жер силкинүүнүн кесепеттерин жоюу үчүн атайын штаб түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0