Мексикалыктар Германиянын дарбазасына кирген голдон кийин "жер титиретип" ийишти

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМексикалык футбол күйөрмандары
Мексикалык футбол күйөрмандары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мексикалыктар дүйнөнүн футбол боюнча учурдагы чемпиону — Германиянын дарбазасына бир гол киргизип жеңип алды.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Россияда Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан учурда Мексикада жер титирөө катталды. Бул тууралуу Р-Спорт агенттиги жазып чыкты.

Сейсмологдор Мексиканын курама командасы дүйнөнүн учурдагы чемпиону — Германиянын дарбазасына гол киргизген учурда жер силкингенин байкашкан. Мексикалыктар беттеште жеңишке жеткен болчу.

"Жер титирөө жасалма негизде болгон. Ага адамдардын массалык түрдө секиргени себеп болушу ыктымал", — деп жер титирөөлөргө мониторинг жүргүзгөн SIMMSA уюмунан билдиришти.

Өлкөнүн борбору Мехикодо эле кечээ күнү, 17-июнда, 75 миң адам чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0