Японияда жер титирөөдө окуучу кыз жана эки киши каза болду

© REUTERS / KYODOЯпониянын Осака префекутарасында болгон жер титирөө үч адамдын өмүрүн алды
Япониянын Осака префекутарасында болгон жер титирөө үч адамдын өмүрүн алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Осака жана Хёго префектураларында 170 миң батирдеги калк электр кубаты жок отуруп калган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Япониянын Осака префекутарасында болгон жер титирөө үч адамдын өмүрүн алды. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып кабарлады. 

Японские дома-сферы - Sputnik Кыргызстан
Пенопласттан жасалган боз үй: япондуктар жер титирөөдөн сактануунун жолун тапты
Жер силкингенге чейин бир нече секунда мурда телефондорго жер титирөө жакындап келе жатканы тууралуу эскертүү түшкөн. Анткен менен кырсык баары бир адам өмүрүн алып кеткен.

Тогуз жашар кызды Такацуки шаарында мектептеги бассейндин дубалы басып калгандыгы айтылды. Андан сырткары Осака шаары менен Хигасиёдогава районунда дагы эки киши мерт болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча жер силкинүүдө 91 киши жабыр тарткан.

"Дүйшөмбү күнү 6,1 магнитудалык күч менен жер силкинген. Эпицборбору Осака префектурасы экендиги, ал эми очогу 13 чакырым тереңдикте болгону айтылды", — деп жазылган маалыматта.

Кырсык болгон аймакта темир жол байланышы, анын ичинде "Синканксэн" деп аталган жогорку ылдамдыктагы поезд да токтогон. Осака жана Хёго префектураларында 170 миң батирдеги калк электр кубаты жок отуруп калган.

Өкмөт жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу боюнча чукул кырдаалдар штабын ачты.

Жаңылыктар түрмөгү
0