АКШ тургуну лотереядан эки миллион доллар утту. Ал бир эле санды 18 жыл колдонгон

© AFP / KENA BETANCURЛотерейный билет Powerball
Лотерейный билет Powerball - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трэн уткан акчасынын көбүн үйүнүн насыясын жабууга сарптай турганын айткан.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Американын Айдахо штатынын тургуну Майкл Трэн 18 жылдан бери лотереяда бир эле сандардын комбинациясын колдонуп жүрүп, акыры ири суммадагы акча утуп алды. Бул тууралуу РИА Новости UPI басылмасына таянып кабарлады.

Трэндин айтымында, ал кезектеги лотереялык билетти сатып алганда, салтты бузбай эле мурда колдонуп жүргөн сандарын кайталап жазып койгон.

Бактылуу сандар Трэнге эки миллион долларлык утуш алып келген.

Айдахо штатынын тургуну уткан акчасынын көбү карызынан кутулууга кетээрин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0