Трамп кесиптеши Ким Чен Ынга жан-алы калбай ыраазы болуп, маек курду

© AFP / SAUL LOEBВстреча президента США Дональда Трампа и лидера КНДР Ким Чен Ына
Встреча президента США Дональда Трампа и лидера КНДР Ким Чен Ына - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти ошол эле учурда Ким Чен Ын боюнча мурда кескин маанайда айткан сөздөрүнөн баш тартпай тургандыгын кошумчалаган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен Сингапурдагы жолугушуу жакшы болгондугун жана тил табышкандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Башынан баштап эле жакшы болду, дароо тил табышып кеттик. Адегенде эле өлкөнү денуклеаризациялоо керектиги боюнча сөз башталып кетти, ал муну түшүнүп, кайра талашып-тартышкан жок", — деп Трамптын маек берип жатып айтканын Fox News жазды.

Трамп Ким Чен Ындын өзү туурасында да айтып берген.

Встреча президента США Дональда Трампа и лидера КНДР Ким Чен Ына - Sputnik Кыргызстан
Трамп Түндүк Кореяга киргизилген санкцияларды токтотту
"Ал күчтүү бала экен. Эл менден кандай неме экен деп көп сурашты. Мүнөзү жакшы, ал эми өзү өтө кызыктуу экен, анан да сүйлөшүүнү мыкты жүргүзөрүн байкадым. Стратегиялык ой жүгүртүүсү өтө жакшы өнүккөн жигит экен", — деп кошумчалаган Трамп.

АКШ президенти ошол эле учурда Ким Чен Ын боюнча мурда кескин маанайда айткан сөздөрүнөн баш тартпай тургандыгын айтып, ансыз Сингапурдагы сүйлөшүүлөр болбойт эле деген пикирин билдирген.

"Ансыз биздин сүйлөшүүлөр болмок эмес. Аны деле айтып жиберейин деген эмесмин… айла жок болуп калды", — деген Трамп.

Ал буга чейин Сингапурдагы саммит боюнча пикирин Twitter баракчасына "өз элинин жаңы жана жаркын келечеги үчүн каармандык менен кадам жасаган" Түндүк Кореянын президентине ыраазылыгын билдирген. Андан сырткары, Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан баш тартса башка мүмкүнчүлүктөрү арбын боло тургандыгына ишенимин айткан.

Саммит лидеров G7 в Квебеке - Sputnik Кыргызстан
G7 лидерлери саммиттен кийин акыйнек айтышып калганда...
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамп Сингапурда эки өлкөнүн тарыхта биринчи жолу болуп жаткан саммитинде жолуккан.

Буга чейин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Россия ТИМи Сергей Лавров менен жолуккан.

Эске салсак, Түндүк Корея ракета-өзөктүк куралын тынымсыз сыноого алып жаткан кезде АКШ менен мамилеси жарга такалган. Бирок Пхеньян абалды жөнгө салууга даярдыгын жар салып, ошондон улам тараптар президенттердин деңгээлиндеги жолугушууга кам көрө баштаган.

АКШ менен Түндүк Корея 1950-1953-жылдардагы аскердик чатактан бери мамилесин оңдой алган эмес. Пхеньяндын тынчтык келишимин түзүүгө аракет кылганына карабай, Америка Түштүк Кореяда 28 миң аскерин кармап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0