Париждин түндүгүндө эркек киши башкаларды барымтага алды

© REUTERS / Benoit TessierПолиция в Париже
Полиция в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар барымтага алынгандардын арасында кош бойлуу аялдын бар экенин маалымдашууда.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Париждин 10-округунда эркек киши эки адамды барымтага алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Учурда окуя болгон жерге атайын даярдыктагы аскерлер келип, атайын операция жүрүүдө. Азырынча киши мындай кадамга эмнеге барганы аныктала элек.

Ал эми France Bleu радиосунун билдиришинче барымтага алынгандардын арасында кош бойлуу аял да бар. Ошондой эле шектүү жаран аны Ирандын элчилиги менен байланыштырууну талап кылып жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0