Грузияда таштандыга ыргытылган жумурткалардан жүздөгөн жөжө чыкты. Видео

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүПтицеводческое предприятие "Равис – птицефабрика Сосновская" в Челябинской области
Птицеводческое предприятие Равис – птицефабрика Сосновская в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөжөлөр шаардын борборуна чейин аралап кеткен.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Грузиянын Марнеули шаарындагы тоок фабрикасы таштандыга ыргыткан жумуркалардан жүздөгөн жөжө чыкты. Ары-бери чуркап жүргөн жөжөлөрдүн видеосун жергиликтүү тургундар Facebook социалдык тармагына жарыялашты.

Марнеули шаарынын мэри Тимур Абазов өзгөчө окуя тууралуу пикирин билдирип, жөжөлөр таштанды жайынан шаардын борбордук бөлүгүнө чейин барганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Айрым тургундар жөжөлөрдү багып алышууда.

Абазов ошондой эле жергиликтүү тоок фабрикасы жумурткаларды бузулуп кетти деп таштандыга ыргытканын, бирок ал жактагы жылуу шарт жөжөлөрдүн чыгышын шарттагынан айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0