Трамп кесиптеши Ким Чен Ын менен жолугуу үчүн Сингапурга келди

© REUTERS / Kim Kyung-HoonПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ менен Түндүк Корея лидерлеринин тарыхтагы биринчи жолку саммити 12-июнга пландалган.

БИШКЕК, 10-июн. – Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Сингапурдагы “Шангри-Ла” мейманканасына келип жайгашты. Ал Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууга камынууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Визит главы МИД РФ С. Лаврова в Северную Корею - Sputnik Кыргызстан
"Жолдош Путиндин ден соолугу кандай?". Ким Чен Ындын Лавров менен жолуккан видеосу
Буга чейин Трамптын учагы Сингапурдагы Пайя Лебар аттуу аскер базасына конгону айтылган. “Шангри-Ла” мейманканасында коопсуздук чаралары көрүлгөн: өткөрмө пункттар менен тосмолор коюлуп, күзөтчүлөр кайтарууда. Президенттин келишине ылайык полиция тийиштүү кварталдарды маал-маалы менен жаап жатат. 

АКШ менен Түндүк Корея лидерлеринин тарыхтагы биринчи жолку саммити 12-июнга пландалган. Жолугушуу Сентос аралындагы Capella аралында жайгашкан мейманканада өтөт. Кандайдыр бир документтерге кол кою күтүлгөн жок. 

Ким Чен Ын дагы жекшемб күнү Сингапурга учуп келип, өлкөнүн ТИМ башчысы жана премьер-министри менен жолугушууга жетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0