Экологияга катуу зыян келтирген дүйнөдөгү 10 шаар. Тизме

© AFP / ED JONESСеул шаары. Архив
Сеул шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарды Норвегия, Швеция, АКШ жана Япониянын окумуштуулары чогулткан.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Экология үчүн эң кооптуу делген дүйнөдөгү шаарларды тизмектеп чыккан GGMCF долбоорунун жыйынтыгын РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматтарды Норвегия, Швеция, АКШ жана Япониянын окумуштуулары чогулткан.

Таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан таштандыга көмүлүп калды. Активисттер өлкөнү тазалоого чакырууда
Экологияга болуп көрбөгөндөй зыян келтирип, кирдеткен калаалардын сап башында Сеул турат. Түштүк Кореянын борбору жылына 267,1 мегатонна көмүр кычкыл газын чыгарат. Анын соңунда Гуаньчжоу (272 мегатонна), Нью-Йорк (233,5), Гонконг (208,5) жана Лос-Анжелес (196,4) жайгашкан.

Алдыңкы ондукка Шанхай (181 мегатонна), Сингапур (161,1), Чикаго (152,9), Токио менен Йокогама агломерациясы (132,8) жана Эр-Рияд (118,8) кирген.

Ал эми айлана-чөйрөгө залал келтирген 100 калаанын ичинде Москва (15-орун) менен Санкт-Петербург (79-орун) бар. Бул шаарлар жылына 99,5 жана 29,6 мегатонна көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарары аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0