КМШдагы эң мыкты аэропорт аныкталды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы жарандык авиациянын "Аэропорт" эл аралык ассоциациясы жыл сайын өтүүчү конкурстун жыйынтыгын чыгарды.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Өзбекстандын Бухара эл аралык аэропорту КМШ мамлекеттеринин ичинен эң мыкты деп табылганын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги кабарлады.

Москвадагы жарандык авиациянын "Аэропорт" эл аралык ассоциациясы 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарган. Бухара аэропорту 100 кишиден 500 миң кишиге чейин тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. "Аэропорт" эл аралык ассоциациясы атайын кубок менен ардак грамота тапшырды.

"Бухара аэропорту былтыр эл аралык жана ички каттам менен учкан 190 миң жүргүнчүнү тейлеген. Мурдагы жылга салыштырмалуу жүк ташуу, почтанын көлөмү көбөйгөн. Андан сырткары, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты жакшырган", — деп айтылат маалыматта.

Бухара аэропорту "Жылдын мыкты аэропорту" наамын ушуну менен бешинчи жолу утуп алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0