Аз же көп уктаган ден соолукка кандай таасир берери аныкталды

Жазылуу
Изилдөөгө 1517 киши катышкан. Алардын 282и көз жумган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Адам аз же өтө эле көп уктаса өмүрү кыскарып же кем акыл болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги япон окумуштууларына шилтеме берип жазып чыкты.

"10 жыл бою окумуштуулар 1517 кишиге байкоо жүргүзүп келген. Алар өз каалоолору менен изилдөөгө катышууга макул болушкан. Бул убакыт аралыгында 294 ыктыярчыда кем акылдуулук байкалып, 282 адам көз жумган", — деп маалыматта айтылат.

Окумуштуулар суткасына беш гана саат уктаган адамдардын өмүрү кыска болорун, ал эми 10 сааттан ашык уктаган адамдардан кем акылдуулук байкалганын далилдешкен.

Япон изилдөөчүлөрүнүн айтымында, чоң адамдар 6-9 саат уктаса ден соолук үчүн кооптуулук жаралбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0