Ливандык киши Дубайда лотереядан экинчи ирет миллион доллар утуп алды

© flickr.com / FatbooЗапрет розыгрыша лотерей в Кыргызстане
Запрет розыгрыша лотерей в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Millennium Millionaire лотереясы 1999-жылдан бери өткөрүлүп келет.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ливандын тургуну Dubai Duty Free мекемеси тарабынан өткөрүлүп келген лотереянын баш байгеси миллион долларды экинчи ирет утуп алды. Бул тууралуу Gulf News басылмасы жазды.

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Америкалык киши 4 млн. доллар уткан лотерея билетин унутуп калган
73 жаштагы ливандык киши Дубай аэропорту тарабынан такай өткөрүлүп келген лотереянын биринчи джекпотун 2012-жылы ноябрда утуп алган.

1999-жылдан бери өткөрүлүп келген Millennium Millionaire лотереясынын эрежеси боюнча катышуучуларга ар бири 1 миң дирхам (278 доллар) болгон беш миң билет сатылат. Маалымат боюнча лотерея өткөрүлүп келе жаткандан бери 160тан ашык киши миллионер болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0