Instagram баракчасындагы эң популярдуу өлкө аталды

© AFP / JOEL SAGETИсландия. Архив
Исландия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингди түзгөндөр ажайып сүрөттүн артынан соцтармактагылар кайсы жактарга барууга даяр экенин аныктап чыгышкан.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Cosmopolitan журналы Instagram пайдалануучуларынын баракчасында эң көп кездешкен өлкөнүн атын атады.

Маалым болгондой көпчүлүк сүрөткө Исландиядан түшөт экен.

Негизинен рейтингди түзгөндөр Instagram баракчасын пайдалангандар көбүнесе түндүк чагылууну сүрөткө тартууга ынтызар экенин аныктап чыгышкан. Туристтер атайын ушул табигый кубулушту көрүү үчүн калктуу конуштардан окчундап кетет.

Андан тышкары, саякатчылардын көбүн өңү менен айырмаланган Blue Lagoon ысык булагы кызыктырат.

Ошондой эле Йёкюльсаурлоун мөңгүсү жана Исландиянын түштүк жээгинде жайгашкан атактуу пляж да туристтердин көңүл чордонунда.

Кыргызстан да ажайып кооз жерлерге бай. Аларга чет элдик туристтер көз артып, видеого тартып кетишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0