Иран уранды байытууну кескин көбөйтмөй болду

Жазылуу
Дональд Трамп 8-майда АКШ Иран менен болгон өзөктүк программа боюнча келишимден чыга турганын айкан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Ирандын атом энергиясы боюнча уюмуна уранды тезинен 190 миң ЕРР деңгээлине чейин байытууну тапшырды. Бул тууралуу Press TV телеканалы жазды.

Аятолла Иран бир эле учурда санкциялардын жана "өзөктүк көзөмөлдүн" алдында калбашы керектигин билдирди.

Демонстрации против Дональда Трампа - Sputnik Кыргызстан
Иран депутаттары парламентте АКШнын желегин өрттөп жиберген видео
2015-жылы сентябрда Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи Иран жакынкы 15 жылда алтынчы жана сегизинчи муундагы центрифуганын жардамы менен уранды 190 миң ЕРР (бөлүнүү ишинин бирдиги) деңгээлине чейин байытууга мүмкүнчүлүгү жетерин ырастаган.

Дональд Трамп 8-майда АКШ Иран менен болгон өзөктүк программа боюнча келишимден чыга турганын айтып, Иранга карата болгон бардык санкциялар кайрадан киргизиле турганын маалымдаган. Анын ичинде Иран менен чогуу ишкерлик кылган мамлекеттерге карата дагы санкциялар калыбына келтирилмекчи болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0