Жакыныңыз чылымын таштабай жатабы? Окумуштуулар жеңил ыкма сунуштады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКурение сигарет
Курение сигарет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар акчалай сыйлык чылым чегүүнү койдурууда эң арзан жана жөнөкөй ыкма экенин белгилешкен.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Американын окумуштуулары чылым чегүү менен күрөшүүдө акчалай сыйлык жардам берерин айтышты. Бул тууралуу РИА Новости New England Journal of Medicine журналына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окумуштуулардын иликтөөсүнө алты миңге чукул адам катышкан. Аларды эки тайпага бөлүп, жаман адаттан арылтуу үчүн ар кандай ыкмаларды сунуштап көрүшкөн. Бирине дени сак жашоо образынын пайдасы жөнүндө айтышса, башкаларына электрондук тамеки колдонуп көрүүнү сунушташкан.

Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арак менен тамеки. Окумуштуулар эң кооптуу баңгизатын аныкташты
Мындан сырткары, айрым катышуучуларга "эгер кимде ким алты ай ичинде чылым чекпей койсо 600 доллар төлөп беребиз" деп акчалай сыйлык убадалашкан.

Белгилүү болгондой башка ыкмаларга салыштырмалуу акчалай сыйлык сунушталган катышуучулар жакшы жыйынтык көрсөткөн.

Окумуштуулар ушул сыяктуу ыкмалар кызматкерлерин жаман адаттан арылтууга аракет кылган компанияларга жакшы жардам берерин айтып, акчалай сыйлык чылым чегүүнү койдурууда эң арзан жана жөнөкөй ыкма экенин баса белгилеп кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0