Үй-бүлө мүчөлөрү учакка отурганда эмнелерди эске алышы керектиги айтылды

© Sputnik / Мария Ващук / Медиабанкка өтүүБоинг 737-300
Боинг 737-300 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлө мүчөлөрү ар башка орундуктарга отуруу менен жүргүнчүлөрдүн баарына көркунуч жаратышы мүмкүн.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Үй-бүлө мүчөлөрү учактын ичинде ар башка орундуктарга отуруп калса бардык жүргүнчүлөргө коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости The Telegraph басылмасына таянуу менен жазды.

Улуу Британиянын Королдук авиациялык коомунун тастыктамасына ылайык, үй-бүлө мүчөлөрү учактын ар кайсы тарабында отуруп калса ыкчам эвакуациялоо учурунда убактысынын көбүн эле бири-бирин издөөгө коротуп, өзүнүн жана башкалардын өмүрүн коркунучка кептейт.

Сүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соцтармакта көп отурган аялдар өздөрүн түрү суук сезишет
Мындан улам уюмдун докладында авиакомпанияларга туугандардын жанаша отурушу үчүн кошумча акча талап кылбоо кеңеши айтылат.

Ошондой эле жаш балдар үчүн учакка отуруунун мыкты шарттары көрсөтүлгөн. Эки өтмөгү бар чоң учактарда жаш балдар улуу кишилер менен бир катарга гана отурушу шарт. Ашып баратса, жанындагы өтмөккө гана жайгашып, үчүнчү өтмөккө отуруп алуусу сунушталбайт. Эгер муну аткаруу мүмкүн болбосо, анда жаш балдар улуулардын алды жана артындагы катарда отурушу коопсуз деп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0