Францияда эски винонун бөтөлкөсү аукциондо 103 миң еврого сатылды

© REUTERS / Jean-Pierre AmetАукцион старинного вина во Франции
Аукцион старинного вина во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөтөлкөдө 1774-жылкы сары шарап сакталган. Ал дүйнөдөгү эң эски ичимдиктин бири болуп саналат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. 1774-жылы жасалган баалуу, эски шараптын бир бөтөлкөсү Франциядагы аукциондо 103 миң еврого сатылды. Бул тууралуу РИА Новости Euronews телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Маалым болгондой, бөтөлкөдө 1774-жылкы сары шарап сакталган. Ал дүйнөдөгү эң эски ичимдиктердин бири болуп саналат.

Шарап ачыткан кумара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Грузияда орто кылымдарга таандык, шарап ачыткан эки кумара табылды
Шарапты жасоого колдонулган жүзүм 16-кылымда Людовик падышанын убагында эле жыйналган.

Аукциондо ушул эле коллекциядан дагы эки бөтөлкө сатылып, бири 76250, экинчиси 73200 еврого бааланган. Бөтөлкөлөрдү Канаданын тургундары жана Франциядан өзүн атагысы келбеген адам сатып алган.

Аукциондун уюштуруучулары ушул убакытка чейин бөтөлкөлөр Арбуа аймагындагы шараптар турчу жер төлөөдөн чыгарылбай, жакшы сакталганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0