Сноуден: Трамп баарынан да Путинди жакшы көрөт

© REUTERS / CARLOS BARRIAПрезидент РФ В. Путин принимает участие в саммите "Группы двадцати" в Гамбурге
Президент РФ В. Путин принимает участие в саммите Группы двадцати в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы чалгындоочу Трамп Россиянын адамы деген айыптоолорго карата комментарий берген.

БИШКЕК, 27-май. — Sputnik. Американын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Huffington Post басылмасына АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путинге абдан жакшы мамиле жасай турганын айтты.

Сноуден америкалык прокурор Роберт Мюллердин "Трамптын Россия менен байланышы бар" деген айыптоолорду текшерген иликтөөсүнө комментарий берген.

"Бул дүйнөдө Путинди жактырган АКШнын президентиндей адам жок. Анткен менен көптөгөн адамдар прокурор Трампка каршы далилдерди таап чыгар деп үмүт артып жатат", — деди Сноуден.

Ал ошондой эле америкалык лидер "Кремлдин" агенти деген кептер чындыкка дал келбей турганын кошумчалаган.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуудан баш тартты
"Ким Трамптын сүйлөгөнүн жок эле дегенде үч мүнөт укса, ал адам билет, президент сөзүнүн башында эмнени айткысы келгендигин аягында унутуп калат. Бирок бул АКШ президенти Россия менен алакасын жакшыртууга аракет кылбай жатат дегенди билдирбейт", — деди чалгындоочу.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден 2013-жылы Washington Post жана Guardian гезиттерине АКШ менен Улуу Британиянын атайын кызматтарынын адамдарды аңдыган жашыруун программалары боюнча бир катар маалыматтарды берип койгон.

Андан соң Гонконгго кетип, андан ары Москвага аттанган. Аталган шаардын аэропортундагы транзиттик зонада бир нече убакыт кармалып турган. Кийин Россия ага убактылуу баш паанек берип, бирок АКШга каршы иштерин токтотуу талабын койгон. 2014-жылы ага жашаганга турак-жай берилген жана саякаттоого уруксат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0