Ак куу "түгөйүн" сактайм деп жан далбастаганда. Жүрөк ооруткан видео

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүГосударственный природный комплекс заказника "Лебединый" в Алтайском крае
Государственный природный комплекс заказника Лебединый в Алтайском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяны видеого тартып алган Эндрю Вулси аны интернетке чыгарып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылган.

БИШКЕК, 27-май. — Sputnik. The Daily Mail басылмасы жазып чыккандай окуя Англиянын Гримсби шаарында болгон.

Видеодо көрүнүп тургандай ак куу сазга батып бараткан экинчи ак кууну куткарууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Тилекке каршы, аракетинин акы бети кайткан эмес. "Түгөйү" акыры өлүп калган.

Капылет өлүм. Мойнун тырмайм деп бутакка кыпчылган акыра өлүп калды - Sputnik Кыргызстан
Капылет өлүм. Мойнун тырмайм деп бутакка кыпчылган акыра өлүп калды
Окуяны видеого тартып алган Эндрю Вулси тасманы интернетке чыгарып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылган.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик сазга айланган Фрешни дарыясынын маселесин чечүүгө аракет жасабай жатат. Анын кесепетинен аймакты байырлаган канаттуулар менен жаныбарлар жабыркап жатат.

Буга чейин ушул сыяктуу окуя Кытайда дагы болгон. Анда ит унаа алдында калган досун "тирилте" албай убара болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0