Швеция: эми түгөйлөр төшөк мамилеси үчүн алдын ала макулдук алышы керек

© AFP / ANDREAS SOLAROКучакташып турган аял менен эркек. Архив
Кучакташып турган аял менен эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам 1-июль күнү күчүнө кирет.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Швеция парламенти кабыл алган мыйзамга ылайык, эми адамдын макулдугун алдын ала алмайынча аны менен жыныстык катнашка барууга болбойт. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Мыйзам долбоорунда өнөктөштүн төшөктөгү "байланышка" көңүлү жок болгон учурда бул нерсе зордуктоо болуп эсептелет.

Малыматка караганда, Швеция сексуалдык зомбулукка каршы мындай мыйзамды кабыл алган Европадагы онунчу өлкө болуп саналат.

"Адам өнөктөшү аны менен болууну чын дилинен каалап, эч каршылы жок болгон учурда гана төшөк мамилесине барышы керек. Муну швециялык ар бир бала, ар бир эркек билиши шарт", — деп түшүндүрдү өлкөнүн юстиция министри Морган Юханссон.

Мыйзамга 1-июль күнү күчүнө кирет. Ага ылайык, зордуктоо фактысы боюнча сотко кайрылган адам ага чындап эле күч колдонулганын далилдеп бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0