Facebook колдонуучулардын "жылаңач" сүрөтүн сурай баштады. Себептери

© AFP / NICOLAS ASFOURI Facebook социалдык тармаганын логотиби. Архив
Facebook социалдык тармаганын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган система өзүнүн жылаңач сүрөттөрүнүн жайылып кетишинен чочулаган адамдар үчүн иштелип чыккан.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Facebook Канада, АКШ, Австралия жана Англиядагы колдонуучуларынан жылаңач сүрөттөрүн сурай баштады. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.

Билдирмеге караганда, Facebook баракчасынын атайын жаңы программасы колдонуучунун жылаңач сүрөтүн идентификациядан өткөрөт. Кийин кимдир бирөө фотошоптун жардамы менен ал адамдын интимдик сүрөтүн жарыялагысы келсе, Facebook жасалма экенин дароо аңдап баракчага чыгарбай коет.

Логотипы Google, Apple, Facebook и Amazon - Sputnik Кыргызстан
Google менен Facebook колдонуучуларды кантип башкарат. Адистин пикири
Мындай жаңы функциянын толук түшүндүрмөсү компаниянын расмий баракчасына жайгаштырылды.

Аталган система өзүнүн жылаңач сүрөттөрүнүн жайылып кетишинен чочулаган адамдар үчүн иштелип чыккан. Маалыматта көбүнчө жаш кыздар кара ниет адамдардын курмандыгы болуп келери белгиленген. Компания өкүлдөрү келечекте мындай практика Messenger менен Instagram сервистерине да жайыларын билдиришкен.

Анткен менен ВВС агенттигинин адистери буга чейин социалдык тармактын 50 миллиондон ашык колдонуучусунун жеке маалыматтарынын сыртка чыгып кетиши анонимдүүлүктүн сакталышынан күмөнсүп келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0