Тюменде аялдын өсүп кеткен тишин мурдунан сууруп чыгышты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАкция "Я здоров!" в Калининграде
Акция Я здоров! в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиштин туура эмес жерге чыккан бул учуру дүйнө калкынын 1-4 пайызында гана кездешет.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Тюмень облусундагы Ишим шаарында аялдын өсүп кеткен тишин мурдунан сууруп чыгышты. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Аял дарыгерге мурду кечке бүтүп жатканына арызданып келип, буга чейин гаймориттен дарыланса да жыйынтык болбогондугун айткан.

​Аны рентгенге тартканда тиши мурун көңдөйүн көздөй өсүп кеткени анык болуп, жасалган операция бир нече мүнөткө созулган.

"Медицина кызматкерлери мындай аномалия сейрек кездешерин айтышты. Тиштин туура эмес жерге чыккан бул учуру дүйнө калкынын 1-4 пайызында гана кездешет. Ал эми мурундун ичине чыгышы өтө аз жолугат", — деп билдиришкен Тюмень облусунун саламаттык сактоо департаментинен.

Буга чейин интернетте кытайлык дарыгерлер мурдуна тиш чыккан аялга операция жасагандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0