Зомби кол сала баштады! Флоридада бийликтин жаңылыш билдирүүсү элди чуулдатты

© AFP / THOMAS SAMSONТрадиционное мероприятие "зомби-моб" в Париже
Традиционное мероприятие зомби-моб в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңылыштык менен жиберилген билдирме үчүн калаа бийлиги элден кечирим сурады.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Флорида штатындагы (АКШ) Лейк Уорт шаарынын тургундарына жаңылыштык менен зомби-адамдар элге кол сала баштаганы тууралуу билдирме келип түшкөн. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү Palm Beach Post басылмасына шилтеме берип жазды. 

Маалыматка караганда, мындай билдирме 7800 адамга жекшемби күнү жарык өчүп калганда жөнөтүлгөн. 

Кийинчерээк калаа бийлиги билдирме атайылап жиберилбегенин айтып чыккан. 

"Лейк Уортто эч кандай зомби жок. Бул жаңылыштык менен жиберилген билдирме", — деп шаар башчылыгынын маалымат кызматынын өкүлү Бен Керр билдирген. 

Ал ошондой эле бийлик элден билдирме үчүн кечирим сурай турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0