Мирзиёев Путинге АКШга болгон сапары тууралуу айтып берди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин встретился с президентом Узбекистана Ш. Мирзиеевым
Президент РФ В. Путин встретился с президентом Узбекистана Ш. Мирзиеевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчылары тышкы саясат жана эки тараптуу мамилелер тууралуу баарлашты.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жазылды.

Эл аралык иштер боюнча пикир алышуу маалында Мирзиёев жакында эле АКШга болгон сапары тууралуу Путинге айтып берген.

Встреча президента РФ В. Путина с премьер-министром Индии Н. Моди - Sputnik Кыргызстан
Путин: мектепте жакшы окусам болмок экен
Буга чейин Өзбекстандын башчысы 16-17-май күндөрү АКШга расмий иш сапары менен барып, Дональд Трамп менен жолугушкан болчу.

Ошондой эле баарлашуу учурунда 2017-жылы Мирзиёевдин Россияга болгон сапарынын алкагында кабыл алынган эки тараптуу келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Эки тарап мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктү, саясий жана соода-экономикалык чүйрөдөгү кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0