Кудай сактаптыр! Airbus A330 учагынын аэропортко дөңгөлөксүз конгон видеосу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет аэробус А-321 авиакомпании Turkish Аirlines
Самолет аэробус А-321 авиакомпании Turkish Аirlines - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жерге сүрүлүп барып, анан чайпала токтогон Airbus A330дун алдынан жалын чыгып жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Эл ташыган Airbus A330 Мединадан Бангладештин борборуна учуп бара жатып, орто жолго конууга аргасыз болгон. Бул туурасында РИА Новости Asharq Al-Awsat басылмасына таянып кабарлады.

Абдель Рахман ат-Тейиб деп аталган эл ташыган компаниянын өкүлүнүн айтымында, учак абага көтөрүлгөндөн кийин эле анын капитаны алдыңкы дөңгөлөк иштебей жаткандыгын айткан. Аба кемесинде ал күнү 141 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгон.

Крушение самолета на Кубе - Sputnik Кыргызстан
Кубада кыйраган учактан үч аял аман калган
Учакты ошентип орто жолдон кондуруу чечими кабыл алынат да, Жидда шаарындагы аба майданына багыт алган. Жыйынтыгында учкучтар бир нече ирет аракет кылып жатып ири аба кемесин жерге дөңгөлөгү жок кондурган. Жерге сүрүлүп барып, анан чайпала токтогон Airbus A330дун алдынан жалын чыгып жаткандыгын көрүүгө болот. Учак толугу менен токтогон соң жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүн аба толтурулган трап менен алып чыгышкан.

Буга чейин аскердин башынан болгону бир метр өйдөрөөк учуп өткөн учактын видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0