Медиктер жүрөктүн "өмүрүн" кантип узартуу керектигин айтып беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековДетский забег Fun Run в парке Победы
Детский забег Fun Run  в парке Победы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Левин баштаган окумуштуулар тобу жүрөк системасын жакшыртуу үчүн көнүгүүлөр "дозасын" аныктоого аракет жасаган.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Адам жумасына 4-5 жолу дене көнүгүүлөрүн такай жасап жүргөн болсо, өзү карыса да жүрөгү менен кан тамырлары "жаш" бойдон калат. Бул тууралуу окмуштуулар Journal of Physiology журналына билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

"Карыган маалда "жүрөктү жашартып алам" деп 70ке чыкканча күтүп жүрө берген болбойт. Карыганда мага десеңер бир жыл тынбай машыксаңар дагы жакшы жыйынтык бербей калышы толук ыктымал. Учурда эркектер менен аялдар 40 жашка чыкканда эки жыл катары менен спорт менен машыкса, кан тамырлардын жакшырышына таасир этер-этпесин изилдеп көрүүнү пландап жатабыз", — деп Далластагы (АКШ) Техас университетинин окумуштуусу Бенжамин Левин билдирген.

Анын айтымында, кыймылдын аздыгы инфаркт, инсульт дарты менен сөөктөрдүн алсызданышына алып келет.

Окумуштуулар активдүүлүк бир аз эле жогоруласа инфаркт оорусунун өрчүшү кыйла төмөндөй турганын байкашкан. Буга спорт организмге антиоксидант катары таасир эткени себеп экени айтылат.

Левин баштаган окумуштуулар тобу жүрөк системасын жакшыртуу үчүн көнүгүүлөр "дозасын" аныктоого аракет жасаган. Алардын изилдөөсүнө 102 адам катышкан. Натыйжада жумасына жок дегенде 2-3 жолудан машыккан адамдардын жүрөгү менен артериялары идеалдуу абалда экенин көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0