БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Белоруссиянын Брест облусундагы Баранович районунун жашоочусунун өмүрү чын эле кылдын учунда калган. Бул туурасында Sputnik Белоруссия кабарлады.
22 жаштагы жигит айдап жүргөн Audi 80 жолдон чыгып кетип көпүрөгө илинип калган.
Жол кырсыгы ишемби күнү саат таңкы бештерде болгондугу айтылды.
"Жолдо келе жаткан автокөлүк жолдон чыгып кетип, көпүрөнүн тосмосун сүзгөн. Күү менен келип урунган Audi 80 аласалып кетип, тосмонун кырына келип, салаңдап туруп калган", — деп билдирген Брест облусунун МАИсинен.
Жаракат алган айдоочу Баранович аймагынын ооруканасына жеткирлип, ага медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөн.
Жолдо болгон кырсык боюнча иликтөө иштери башталып, МАИ кызматкерлери айдоочу уктап кеткен болушу керек деген божомолдор айтылууда.