Кайырчылык кылган аялдын банк эсебинде миллион доллар болгон

© AP Photo / Hassan AmmarПопрошайка в Бейруте
Попрошайка в Бейруте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ливандын түндүгүндө жашаган туугандары оорулуу аялдын миллионер экендигин билген эмес.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Ливандын Бейрут шаарынын тургуну, кайырчы Фатима Отман банктык эсебинде миллион доллар жатканын эч кимге айткан эмес. Бул туурасында Arab News жазган.

Жүрөгү кармап каза болгон 52 жаштагы аялдын сөөгүн кароосуз калган автоунаадан табышкан. Жанындагы сумкадан беш миллион Ливан фунт (3 миң доллардан ашыгыраак) жана сактык китепчесин табышкан. Аманат китебинде 1,75 миллиард ливан фунтунун (1 миллион 162 миңден көбүрөөк доллар каражат) банкта сакталганы жазылган. Январдан тарта анын эсебинде каражаттын көлөмү 25 миллион ливан акчасына (16 611 доллардын тегереги) өскөн.

​Аялдын колдору туулгандан бери эле иштеген эмес. Басылма, мындан сырткары анын баса албай турганын да жазган. Жергиликтүү тургундар ал 20 жылдан ашуун үй-жайсыз болгондугун айтып беришкен. Аял кайырчылык менен күн көрүп, башкалардан киреге алган автоунаада жашаган.

"Белгисиз бир эркек киши айына бир ирет алып кетип, эртеси Отман кайра келип калчу. Ал бизге дарыгерге барып, ден соолугун текшертип келгендигин айтып берчү", – дешкен жакын жашагандар.

Наджаф шаарындагы кайырчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлүп калган кайырчы аялдын жанынан 10 миңдеген доллар табылды
Полиция Отмандын беш эже-сиңдисин, эки эркек бир тууганын, энесин издеп тапкан. Ливандын түндүгүндө жашаган туугандары оорулуу аялдын байлыгы, мүлкү туурасында билишкен эмес. Алар маркумдун сөөгүн өз шаарына көмүү үчүн алып кетишкен.

Буга чейин Sputnik Америкалык Жефф Кретцер 4 миллион доллар уткан лотерея билетин алып коюп, үйүнө унутуп калгандыгын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0