Ырчы Рианнанын кылыгын туурагандар көбөйдү. Вирустук видео

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүү70-й Каннский международный кинофестиваль. День третий
70-й Каннский международный кинофестиваль. День третий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары ырчы Рианнаны туурап жылмаюу тартуулаган видеолорду жарыялашууда.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары ырчы Рианнанын жарнамалык ролигин туурап түрдүү вирустук видеолорду таратышууда. Бул тууралуу "Известия"  басылмасы жазып чыкты.

Буга чейин ырчы теринин кемчиликтерин жаап-жашырган кремди жарнамалап видео жарыялаган.

​Рианна ийнине хайлайтер (косметикалык каражат) чачып, соңунда аны кисточка менен сүртүп койгон.

Ырчынын ролигин туурап алгач россиялык эки жигит видео тарткан. Анда биринчиси өзүнүн ийнине кремди койсо, экинчиси сакалы менен сүртүп койгон.

Ролик ошол замат вирустук видеого айланып, интернет колдонуучулары крем, кетчуп, соусту денесине куюп, аны пол жууган таяктан тарта, иттер менен сүртүп тамашалуу видеолорду жарыялашууда.

​Мындай тамашалуу видеолор #BodyLavaChallenge, #RihannaChallenge хештэгдери менен интернетке жайылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0