Эрдоган: Ислам дүйнөсү Иерусалим боюнча экзаменден өтпөй калды

© REUTERS / Berk Ozkan / Pool Чрезвычайный Саммит Организации Исламского сотрудничества (ОИС) в Стамбуле
Чрезвычайный Саммит Организации Исламского сотрудничества (ОИС) в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Израилдеги Американын элчилиги Иерусалимге которулгандан кийин Газа секторунда каршылык акциялары башталган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ислам дүйнөсү Иерусалим боюнча экзаменден өтпөй калганын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди. Ал мындай пикирин Американын Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге которулушунан улам билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

"Иерусалим — бул жөн эле шаар эмес. Бул мусулмандар үчүн символ, экзамен. Ислам дүйнөсү бул экзаменден өтө албай калды. Бүткүл дүйнө өтө алган жок. АКШнын мындай жоругуна БУУ дагы таасир берип, каршы тура алган жок. Биз мусулмандар сындагандан башка эч бир иш аткарган жокпуз", — деген оюн Эрдоган Израилдин Газа секторундагы аракеттерине каршы Стамбулда өткөн митинг учурунда айтты.

Чрезвычайный Саммит Организации Исламского сотрудничества (ОИС) в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: Кыргызстан палестиналыктар эгемендүү мамлекет курарына ишенет
Эрдоган ошондой эле эгер мусулмандар бирдиктүү болуп, өзүм билемдикке каршы турса, Израилдин келесоолугу көпкө чейин узабай турганын айтты. Түркиянын президенти андан тышкары, еврей калкын сионисттер менен окшоштуруп кароого болбой турганын белгилеп, америкалыктарды АКШ жетекчилигинин жасаган туура эмес кадамдарына карата өз пикирлерин билдирүүгө чакырды.

Израилдеги Американын элчилиги Иерусалимге которулгандан кийин Газа секторунда каршылык акциялары башталган. Израилдин аскерлери акциянын катышуучуларына ок атып, адамдар каза болгон. Акыркы маалыматтар боюнча палестинанын 60тан ашык тургуну окко учкан.

Эрдоган бул кадамды геноцид деп атап, Түркияда үч күндүк аза күтүү жарыялады. Ошондой эле расмий Анкара АКШ менен Израилдеги элчилерин кеңешүү үчүн чакырып, Израилдин элчисине өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0