БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Спортту жакшы көргөн Давид Моран дарыгердин туура эмес койгон диагнозунан улам колу-бутунан айрылды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.
Испанияда жашаган Италиянын тургуну жаагы ооруп, дене табы көтөрүлүп дарыгерге кайрылган. Ал анализ тапшырып, адистер катардагы тумоо экенин айтып, үйүнө кетирген.
24 жаштагы Давиддин кечке маал дене табы 39 градуска чейин көтөрүлүп, кусуп, бетине кызыл тактар чыгып кеткен.
"Алым аябай кетти. Бутум ооруп, тоңуп калгандай сезип жаттым. Байпагымды чечим карасам бетиме чыккан тактар бутума да чыгып кетиптир. Бирок көлөмү чоң болчу", — деди ал.
Бир жумадан кийин анын эки колу-бутун кесүүгө туура келген.
Бул каргаша болорго чейин Давид спорт менен машыгып, тамак жасап, шайдоот, достору менен убакыт өткөргөндү жактырганы айтылат.
Учурда Давидге протез алуу үчүн краудфандинг ыкмасы менен акча чогултулууда. Ага болжол менен жүз миң евродой керек.