Аялдар кандай буттуу эркектерди жакшы көрөрүн окумуштуулар аныкташты

© AFP / SEBASTIEN BOZONКол кармашып бараткан жуп. Архив
Кол кармашып бараткан жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйынтыгында кыз-келиндердин үчтөн бири кыска буттуу эркектерди, ал эми көпчүлүк бөлүгү бутунун манжасы узундарды жактырарын айтышкан.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кембридж университетинин окумуштуулары аялзатына узун буттуу эркектер жагарын жар салышты. Мындай маалыматты independent.co.uk жазган. 

Изилдөөчүлөр социологиялык тажрыйба жүргүзүп, аялдардын сексуалдык жактан эмнени башкы орунга коерун билүү максатында сурамжылашкан. Жыйынтыгында алардын үчтөн бири кыска буттуу эркектерди, ал эми көпчүлүк бөлүгү бутунун манжасы узундарды жактырарын айтышкан.

"Аялдар эркектерге салыштырмалуу рефлекстерге көбүрөөк таянат. Ал өзү байкабаса да акылында түгөйдү өзүнчө бир критерийлер менен издеп жүрүп отурат. Эркектердин буту узун экендиги алардын аялдар менен жыныстык катнашта болууга жана аялды уруктандырууга көбүрөөк баш кое тургандыгынан белги берет. Анткени менен бул тенденциянын учур чак менен окшоштугу жок, болгону жөн гана стереотип", — деп айтып беришкен Кембридж университетинин адистери.

Таз адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кокусунан чачтын түшүүсүнө каршы дары таап алышты
Окумуштуулар эркектин өтө узун буттарын аялдар кийинки тукуму жабыр тартып калат деген ой менен генетикалык кемчилик катары кабыл алышы мүмкүндүгүн айткан.

Ал эми бутунун манжасы кыскалар жүрөк оорусу жана кант диабети менен азап чеккен адам катары кабыл алынат.

Аялдар кантип түгөй тандай тургандыгын буга чейин окумуштуулар изилдеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0