Латвияда 100 жаштагы айдоочу жол кырсыгына кабылды

© AP Photo / Molly Riley, FileКлючи автомобиля. Архивное фото
Ключи автомобиля. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция айдоочу 100 жашка чыкканын паспортун текшерип жатканда гана билген.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Латвиянын борбору Рига шаарында 100 жаштагы айдоочу жол кырсыгына кабылганын РИА Новости агенттиги муниципалдык полицияга таянуу менен билдирди.

Көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашоону кеминде 10 жылга узартчу жөнөкөй беш кеңеш
Ага ылайык, 12-майда түштө шаарды күзөтүп жүргөн полиция Mazda автоунаасынын айдоочусу артка айдап жатып Mercedes-Benz автоунаасын коюп алганын көрүп калган. Күнөөлүү кишинин паспортун текшере келгенде 100 жашка чыкканы аныкталган.

Айдоочу артка айдап жатканда машинаны байкабай калганын мойнуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0