Трамп Меланья жаткан ооруканага тик учак менен келип, лимузин менен кетти

© AP Photo / Carolyn KasterАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп ооруканада бир саатка чукул болгон. Ал арада метеорология кызматы Вашингтондун үстүндө катуу куюн болорун жана нөшөрлөгөн жамгыр менен шамал башталарын эскерткен.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп операция болгон жубайы Меланья Трампка нөшөрлөп келе жаткан жамгырдын алдында тик учак менен учуп келген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Биздин татынакай биринчи айым Меланьяны көрүш үчүн Уолтер Рид медицианалык борборуна бара жатам. Процедура ийгиликтүү болду, маанайы сонун. Жакшы каалоо-тилектерин билдиргендерге рахмат", — деп жазган ал учаар алдында.

Трамп ооруканада жубайынын жанында бир саатка чукул болгон. Ал арада метеорология кызматы Вашингтондун үстүндө катуу куюн болорун жана нөшөрлөгөн жамгыр менен шамал башталарын эскерткен.

АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жубайы менен уулун жаанга калтырган Трампты соцтармак жемелөөдө
Андыктан, АКШ президенти жарын көргөндөн кийин Ак үйгө автомобиль (кортеж) менен кайткан.

Ооруканадан келгенден соң Дональд Трамп бир ооз твит жазган эмес.

Буга чейин Ак үйдүн маалымат кызматы 48 жаштагы Меланья Трамп дүйшөмбү күнү бөйрөк оорусунан улам ооруканага жатканын кабарлаган. Операция кыйынчылыксыз, жеңил өткөн. Анда АКШнын биринчи айымы ооруканада бир аптага жакын болоору кабарланган.

Буга чейин Меланья Трамп күйөөсүнүн сунган колун суута жаздаган видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0