Россиялык окумуштуулар тамактагы уулуу затты аныктаган датчик жасады

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЛаборатория. Архив
Лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Датчиктин ичиндеги сыякөк өңдөгү зат тамакта уулу зат болбосо өңүн өзгөртпөйт.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Орус окумуштуулары тамак-аштын курамындагы бөйрөккө таш пайда кыла турган заттарды аныктаган жабдык ойлоп табышты. Бул тууралуу Sensors журналына шилтеме берип РАИ Новости агенттиги жазды.

"Биз тамактын курамындагы өтө аз өлчөмдөгү оксалаттарды (уулуу туздар) таап алчу датчик жасадык. Уулуу заттар организмге түшсө бөйрөккө таш пайда кылып, дагы бир топ илдеттерге себеп болот", — деди МГУнун профессору Елена Моросанова.

Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арак менен тамеки. Окумуштуулар эң кооптуу баңгизатын аныкташты
Окумуштуунун айтымында, датчиктин ичиндеги зат алгач сыякөк өңдө болот. Аны кашыкка сузулган тамакка тийгизгенде өңүн сактап калышы керек. Эгер заттын сыякөк түсү кетип, туна баштаса, тамактын курамында уулу туздар бар деп билсе болот.

Окумуштуулар текшерүү маалында датчикти шпинат, петрушка, майдаланган балгар мурчу жана имбирь тамырына тийгизип көрүшкөн. Мындан соң жаңы табылган каражат кадимки лабораториялардагы анализдерден калышпай жыйынтык чыгарары аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0