Жанкечти бала-чакасы менен кошулуп теракт жасады. Индонезиядан дагы бир видео

© REUTERS / BeawihartaСерия терактов в Индонезии
Серия терактов в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индонезияда бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү үч теракт жасаган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Индонезиядагы Сурабая шаарында полиция участкасынын алдында жардыруу болду. Бул тууралуу РИА Новости Jakarta Globe агенттигине шилтеме берип жазып чыкты.

Окуядан бир нече полиция кызматкери жабыркаганы айтылууда. Эки күндүн ичинде Индонезияда ушуну менен төртүнчү ирет жардыруу болуп жатат.

Тасмада көрүнүп тургандай, полиция участогуна эки мотоцикл келип, бири жарылып кеткен. 

День восстановления государственности Чеченской Республики - Sputnik Кыргызстан
Парижде элди Чеченстандан барган жигит бычактаган. Рамзан Кадыров үн катты
​Учурда Сурабаяда жекшемби күнү болгон үч жолку терактынын кесепетинен 11 адам каза болуп, 40 киши жабыркаганы айтылууда. Биринчи жардыруу католиктердин Ыйык Мария чиркөөсүнө жакын жерде болгон. Экинчи жардыруу ошол эле шаардын Дипеногоро көчөсүндөгү протестанттардын чиркөөсүндө, үчүнчүсү Арджуно көчөсүндөгү чиркөөдө болгон.

Strait Times басылмасы полициянын начальниги Тито Карнавианага шилтеме берип, Индонезиядагы үч чиркөөгө бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү (атасы, апасы, 16 жана 18 жаштагы эки баласы жана эки кызы) теракт жасаганын жазып чыкты. Карнавианын маалыматына караганда, үй-бүлө "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар жергиликтүү "Жемаа Аншарут Даула" (JAD) деген уюмдун мүчөлөрү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0