Парижде элди Чеченстандан барган жигит бычактаган. Рамзан Кадыров үн катты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүДень восстановления государственности Чеченской Республики
День восстановления государственности Чеченской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теракт Париждин бар менен ресторандар көп жайгашкан жеринде болгон. Бычак менен кол салган киши бирөөнүн канына забын болсо, төртөөнү жарадар кылды.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram-каналына кол салды деп шектелген киши Чеченстанда туулгандыгын айтты. Бул боюнча РИА Новости жазды.

Ишембиде, 12-майдын кечинде, саат 21.00де Париж операсынын жанында эркек киши ошол жерге жүргөн элге бычак ала жүгүрүп, анын кесепетинен бир адам каза таап, төртөө жарадар болгон. Полиция аны ошол жерден жок кылган. Франциялык басылмалар кол салган — Чеченстанда туулган, 20 жаштагы Хамзат Азимов аттуу киши экендигин жазды. Маалыматта ал Франция жарандыгын мындан сегиз жыл мурда алгандыгы айтылган.

"Хамзат Азимов 14 жашка толгондон кийин чындыгында эле Россиянын жарандыгы берилген. Анткени менен анын паспорту учурда жараксыз, себеби 20 жашка толгондон соң жаңы паспорт алган эмес", — деп жазды Кадыров өзүнүн Telegram-каналына.

Чеченстандын лидери Азимовдун калыптанышына француз коомчулугу жоопкерчиликте деген оюн билдирген.

Акция протеста полицейских в Париже - Sputnik Кыргызстан
Франция: экстремист болушу мүмкүн дегендерге курал алууга уруксат берилип кеткен
"Ал Чеченстанда болгону туулган. Ал эми чоңоюп, адам катары калыптанышы, көз карашындагы өзгөрүүлөр, ишенимдери француз коомчулугунда калыптанган", — деп кошумчалаган Кадыров.

Президент түшкөн маалыматтардан улам Азимовдун Франциянын тартип коргоо органдары жана атайын кызматы менен байланышы болгон деген түкшүмөлүн жазган. Азырынча суроо көп, бирок ага жооптор аз деген пикирин айтты.

Буга чейин Point гезити Азимов эки жыл мурда тергөөгө чакырылгандыгы кабарлаган. Анда Страсбургдагы жаштардын "Сирия-Ирактагы согуш аймактарына кетүүнү каалагандыгын жар салып келген" топторго тиешеси болгондугу айтылган.

"Азимов аталган топтун лидери болгон эмес, аталган согуш аймактарына барам деп дегдеп, ашыккандардын да бири болгон эмес" деп билдирилген басылма.

Кийин ал жогоруда сөз болгон топтон алыстап, мурдагы жолдоштору менен байланышын үзгөн деп жазылган гезитте.

Былтыр Нью-Йоркто теракт жасалып, Өзбекстанда туулган Сайфулло Саипов террорчулукка айыпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0