Окумуштуулар кокусунан чачтын түшүүсүнө каршы дары таап алышты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТаз адам. Архив
Таз адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач адистер остеопорозго каршы каражат издеп жаткан.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Манчестер университетинин окумуштуулары остеопороз илдетине каршы дары жасап жатып, капысынан эле денеге чач өстүрүүчү каражат таап алышты. Бул тууралуу BBC кабарлады. 

Лаборатория шартында эксперимент жүргүзүп жаткан адистер ал каражат организмдеги чачтын өсүүсүнө тоскоол болгон белокторду азайтып, таз болуп калуудан сактай аларын капысынын байкап калышты.

"Эми бул каражат чачты организмге зыян тийгизбей туруп өстүрө турганын текшерип көрүү керек. Андай болсо көпчүлүктүн сообуна калабыз. Анткени учурда чачтын түшүүсүнө каршы эки гана дары бар", — деп жазылган маалыматта.

Аталган каражат чачтын өсүүсүнө жардам берерин аныктоо үчүн окумуштуулар чачсыз калган 40 адамды иликтеп көрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0