Москвадагы "Өлбөс полкко" миңге чукул кыргызстандык катышты. Видео

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАкция "Бессмертный полк" в Москве
Акция Бессмертный полк в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада "Өлбөс полкко" катышкандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип миллиондон ашуун адам келген.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Москвада миңге чукул кыргызстандык жаран "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышты. Бул тууралуу "Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунун вице-президенти Улан Кошматов билдирди.

Ал мекендештердин жүрүштө басып бараткан учурунан ирмемдерди Facebook тармагына жүктөгөн.

Акциянын катышуучуларынын арасынан метронун релсине кулап калган аялды куткарып Россиянын президенти Владимир Путиндин колунан сыйлык алган Марат Исаевди да көрүүгө болот. Ал да өздүк баракчасына видео жүктөгөн.

РИА Новостинин маалыматы боюнча бул жылы Москвадагы "Өлбөс полкко" катышкандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип миллиондон ашуун адам келген. 

Ал эми Бишкекте "Өлбөс полкту" президент Сооронбай Жээнбеков баштап чыгып, жүрүшкө 45 миңден ашуун киши келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0