Иран депутаттары парламентте АКШнын желегин өрттөп жиберген видео

© AFP / Ariane Kunze Демонстрации против Дональда Трампа
Демонстрации против Дональда Трампа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Желек күйүп бүткөн соң, жерге таштап, үстүнөн тебелеп жаткандыктарын байкоого болот.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Иран парламентинин бир нече депутаттары парламентте АКШнын желегин өрттөп жиберишти. Бул боюнча видео YouTube каналына жайгаштырылды.

Мындай каршылык кадам Американын президенти Дональд Трамп Тегеран менен болгон өзөктүк куралдар боюнча келишимден чыгарын жарыялагандын эртеси болгон.

Ирандык депутат АКШнын желегин көлөмдүү кагазга чыгарып алып, президиумга келип, күйгүзүүгө аракет кылып, чакмак ташы күйбөй койгон. Ал арада ары жактан басып келген бир нече кесиптештери көмөктөшүп, жыйынтыгында желекти биргелешип өрттөшкөн. Аны менен парламентарийлердин дагы бир кагазды күйгүзүп жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүү ЖМКлар бул нааразылыкты жараткан документтин — өзөктүк куралдар боюнча келишимдин көчүрмөсү экендигин жазды.

Президиумга чогула калган депутаттар Америкага каршы ураандарды айтып, муштумдарын көрсөткөн. Кагаз күйүп бүткөн соң, жерге таштап, үстүнөн тебелеп жаткандыктарын байкоого болот.

11-сентябрдагы теракт. Архив - Sputnik Кыргызстан
11-сентябрдагы теракт боюнча АКШ соту Иранга акча төлөтмөй болду
Шейшемби күнү, 8-майда Американын президенти Дональд Трамп Тегеран менен болгон өзөктүк куралдар боюнча келишимден чыгарын жарыялаган. Ал Тегеранды тыюу салууларга карабай, келишимди сактабай, уранды байытып жана иштетип жатат деп күнөөлөгөн.

Бул чечим Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун чалгын кызматы тапкан жашыруун документтер боюнча билдирүүсүнөн кийин болгон. Анда Нетаньяху Иран эл аралык коомчулук менен кол койгон келишимге карабай, мындан ары да колдонуу үчүн аскердик өзөктүк куралдарды өнүктүрүп жаткандыгын айткан.

Буга чейин келишимге кепилдик катары чыккан башка өлкөлөр Вашингтонду сынга алып, бул кадамдын кесепети кооптуу болорун айтышкан.

Иран жана эл аралык ортомчулар (Россия, АКШ, Британия, Кытай, Франция, Германия) 2015-жылы Ирандын өзөктүк куралдар маселесин жөндөө боюнча 2015-жылы келишимге кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0