Соцтармакта көп отурган аялдар өздөрүн түрү суук сезишет

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUСүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив
Сүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз-келиндердин психологиясына башка чырайлуу кыздардын сүрөттөрү терс таасир этет.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Түштүк Уэльс университетинин (Австралия) окумуштуулары аял киши үчүн социалдык тармактын кандай зыяны бар экенин изилдеп чыкканын Tech Times журналы жазды. 

Маалыматка караганда, кыз-келиндердин психологиясына башка чырайлуу кыздардын сүрөттөрү терс таасир этет.

"Социалдык тармактарга баш-оту менен кирип алган аялдар өз дене боюн жактырбай, стресске кабылышы мүмкүн. Анткени аялдар арык, келбеттүү, чач жасалгасы жакшынакай кыз-келиндердин сүрөттөрүн карап, дароо өзүнө болгон баасын түшүрүп жиберет", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин британиялык окумуштуулар чырайлуу түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга көп жүктөгөн адамдар жөнүндө иликтеп көрүп, алар көбүнесе депрессияга кабылган, жалгыз бой адамдар экенин аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0